"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров «Борбор Азия – Италия» биринчи саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 30-майда «Борбор Азия – Италия» биринчи саммитине катышат. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Мамлекет башчысы саммитке катышуу үчүн Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарына барат.
«Саммит «Жалпы горизонттор. Глобалдык туруктуулук үчүн Борбор Азия менен Италиянын диалогу» деген аталышта өтөт. Ал Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.
Саммитке Борбор Азиянын мамлекет башчылары, ошондой эле Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Ж. Мелонинин катышуусу күтүлүүдө», – деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.