Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, КР МКга караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрлик түзүү боюнча Жарлыкка кол койду.
Жаңы министрликтер төмөнкүлөр:
-
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги – мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим, ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүү тармагына жооп берет;
-
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги – илим, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим, инновациялар жана интеллектуалдык менчик багыттарын камтыйт.
Ошондой эле, буга чейин Президентке караштуу болгон Улуттук аттестациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин карамагындагы Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү.
«Бул өзгөртүүлөр билим берүү, илим жана инновациялар тармагындагы өз ара байланыштардын координациясын жакшыртуу, жаш окумуштууларды колдоо жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ишке ашырылды», — деп билдирди Президенттик Администрациянын басма сөз кызматы.