"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров ЭКУнун 17-саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Азербайжандын Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитине катышат. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Саммит «Ишенимдүү жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы» темасында өткөрүлөт.

Иш-чарага уюмдун мүчө мамлекеттеринен Афганистан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет жана өкмөт башчылары катышат.

Жыйындын жүрүшүндө климаттын өзгөрүшүн алдын алуу багытында мамлекеттер тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана уюмдун актуалдуу маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында Азербайжандын Агдам районунда Кыргызстан тарабынан курулган «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылышы өтөт.