"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаров эл аралык Астана форумуна катышууда

Бүгүн, 8-июнда, президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында эл аралык Астана форумуна катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара «Астана»Конгресс-борборунда өтүүдө. Алгач форум саламдашуу аземи башталып, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен келген өлкө лидерлерин жана делегация башчыларын биргелешип сүрөткө түшүрүүсү менен уланды.

Эске салсак, форум тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүүсү маселелерине арналган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!