"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаров Ирандын Президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту.
Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Ирандын Президенти Сейед Эбрахим Раиси эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн эки өлкөнүн жакшы мүмкүнчүлүктөрү жана жогорку потенциалы бар экендигин белгиледи.
Сейед Эбрахим Раиси товар жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү  төмөндүгүн белгилеп, буга байланыштуу аны көбөйтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоону сунуштады.
Президент Садыр Жапаров бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду жана өз ара аракеттенүүнү улантууга жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кыргыз-иран кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө даярдыгын билдирдирип, логистика маселесин чечүү зарылдыгын белгилеп, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан тышкары Президент кыргыз-иран өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын ишмердүүлүгүнүн маанилүү ролун белгилеп, Комиссиянын кезектеги жыйынын ушул жылдын аягына чейин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мамлекет башчылары бири-бирин ыңгайлуу учурда Кыргызстан жана Иранга иш сапарлары менен келүүгө чакырышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!