"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барды

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен келди.

Садыр Жапаровду Биринчи вице-премьер-министр Эюбов Ягуб Абдулла тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев;
— Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси — Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Омар Султанов;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!