"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Дубайга келди

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына келди.

Президент Садыр Жапаровду БАЭнин билим берүү министри Ахмад Белхул Аль-Фаласи тосуп алды.

Эскерте кетсек, Мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров БАЭнин жетекчилиги жана эмираттык компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!