"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова менен жолугушту.

Москвада жашаган Элмира Раззакова өлкө башчысына кыргыз жарандыгын алуу өтүнүчү менен кайрылган.

Жолугушуу учурунда Президент Садыр Жапаров ага Кыргызстандын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун тапшырып, ошондой эле белек катары Элмира Раззаковага Бишкектин борборунан батир сатып алынганын билдирип,  Кыргызстанга кошкон Исхак Раззаковду дагы, кыргыздын көрүнүктүү уулунун кызы катары аны да эч качан унутпай турганын жана ар тараптан колдоого ар дайым даяр экенин белгиледи.

Элмира Раззакова Садыр Жапаровго көңүл бурганы, өтүнүчүн четке какпай, чечип бергени жана турак жай түрүндө күтүүсүз белеги үчүн ыраазычылык билдирип, канчалаган жылдардан кийин кичи мекенине кайтып келгенине кубанганын билдирди.