"Эркин-Тоо"

Президент “Manas Tower 45” мейманкана комплексинин курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров 14-ноябрда, Бишкек шаарында көп функциялуу “Manas Tower 45” комплексинин курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды.
Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан автотоктотмосу болот.
«Ондогон кылымдарды карыткан ата-бабаларыбыз бизге эгемендикти мурас кылган. Өз кезегинде өсүп келе жаткан муун керемет Кыргызстаныбызды аздектеп, сакташы керек. Биз бабалардын аманатын аткарып, өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет куруп, урпактарга өткөрүп берүү боюнча асыл максаттарын аткарабыз деп бекем ишенебиз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, курулушту ишке ашырууга КР Президентинин иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышууда. Курулушту 2,5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.