Президент Садыр Жапаров кечээ 23-октябрда иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына келген. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышууда.
Садыр Жапаров саммиттин алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен расмий жолугушуу аземине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна барды.
Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин делегация башчылары бейформал шартта жолугушууга катышуу үчүн залга өтүштү.