"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасына барды

Президент Садыр Жапаров  21-сентябрда Уолл-Стритте жайгашкан капиталдаштыруу боюнча АКШдагы жана дүйнөдөгү эң ири  Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барды.

Нью-Йорк фондулук биржасынын вице-президенти Джон Таттл сооданы жеңилдетүү үчүн колдонулган, төрт соода залдарынан турган NYSE соода аянты жөнүндө, ошондой эле анын тарыхы, түзүмү жана ишмердүүлүгүнө кеңири токтолду.

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасынын кеңсесинен биржанын иш процесси менен таанышып, NYSEнин ардактуу меймандар китебине жазуу калтырды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!