"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапарга чыгат

Президент Садыр Жапаров 29-30-август күндөрү Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкөнүн аймактарында социалдык жана өнөр жай объектилери офлайн жана онлайн форматта ачылат.

Ошондой эле 30-августта Жалал-Абад облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын ачылышы өтөт.

Иш-чаралар КТРК жана ЭлТР телеканалдарында түз эфирде, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларда көрсөтүлөт.