Бүгүн, 20-августта, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Президентинин Администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоо талкууланды.
Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек алакалары стратегиялык өнөктөштүк рухунда мындан ары да өнүгүп жатканын белгиледи. Саида Мирзиёева болсо жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди.
Ошондой эле ал мамлекеттер аралык мамилелердеги лидерлердин ролун баса белгилеп, жаштар саясатын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бишкекте өтө турган «Заковат» интеллектуалдык оюну эки өлкө жаштарынын достугунун символу экенин да кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Саида Мирзиёевага ишинде ийгиликтерди каалады.

