"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту. Кайсы документтерге кол коюлду?

17-июнда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” саммитинин алкагында Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо, инвестициялык кызматташтык жана “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушу боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй бир катар документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын бөлүмдөрүн адистештирилген техника менен камсыздоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кат алмашуу формасында түзүлгөн макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалоо боюнча улуттук комитетинин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекети Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жасалма интеллектти колдонуу боюнча кызматташуу борборун биргелешип түзүү жөнүндө Өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы Кайра иштетүү өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Чек арадагы саламаттык сактоо жана карантин жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз улуттук “Кабар” мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Медиакорпорациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын “Слово Кыргызстана” басма үйү менен Кытай Эл Республикасынын “Синьхуа” маалымат агенттигинин ортосундагы жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча Өз ара түшүнүшүү меморандуму.

Бул документтер эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташуусун жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган.