"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаров скрипкачы Даниэль Лозакович менен жолугушту

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, дүйнөгө белгилүү скрипкачы Даниэль Лозакович жана анын апасы Алена Лозаковичти (Шаршекеева) кабыл алды.

Жолугушуу скрипкачынын кыргыз-швед дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын урматына 10-июнда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган концертинин алдында өттү.

Бала кезинен бери дүйнөнүн эң мыкты симфониялык оркестрлери жана дирижерлору менен бирге өнөрүн көрсөтүп келе жаткан алдыңкы эл аралык сынактардын лауреатын Мамлекет башчысы жылуу тосуп алды.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө дүйнөдө эң көп талап кылынган жаш виртуоз скрипкачынын тамыры кыргыз экенине бардык кыргызстандыктар кубанычта экенин белгиледи. Анын музыкага жана маданиятка берилгендигин жогору баалап, Президент Даниэль Лозаковичтин чыгармачылыгы Кыргызстандын музыкалык маданиятын өнүктүрүүгө да кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Даниэль Лозакович Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өзүнүн чыгармачылыгы тууралуу айтып берип,  ошондой эле жакынкы келечектеги пландары менен бөлүштү.

Анын айтымында, Кыргызстанга келгенден кийин ал кубаныч жана бакыт сезимдерине бөлөнгөн, анткени “бул да анын мекени, бул жерде анын туугандары жашайт”.

Даниэль Лозакович симфониялык оркестрдин дирижерунун жана музыканттарынын чеберчилиги жана жогорку денгээли жөнүндөгү өзүнүн таасирлерин баса белгиледи. Алар менен алдыда боло турган концерттин алдында репетиция өткөргөн.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Даниэль Лозаковичке эстеликке белектерди берди.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!