"Эркин-Тоо"
Саясат

Президент Садыр Жапаров Сочиге келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш-сапары менен Россия Федерациясынын Сочи шаарына келди.

Иш-сапарынын алкагында КР Президенти Садыр Жапаров Россия Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулашат.