"Эркин-Тоо"
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров: “Соттун чечимине кийлигишпейбиз, менин укугум — мунапыс берүү”

Кечээ, 3-июнда, Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш окуясы боюнча 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Президент Садыр Жапаров бул боюнча “Кабар” агенттигине маек берип, соттун чечимине кийлигишпей турганын жана мыйзамдуулукту сактоо зарылдыгын белгиледи.

“Кандай чечим болсо да, соттун чечимдерине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек. Соттордун ишине кийлигишкен жокпуз жана мындан ары да кийлигишпейбиз”, — деди Жапаров.

Ошондой эле ал Кой-Таш окуясы боюнча өкүмгө жеке жаран катары өз пикирин билдирип, соттор айып пул же пробация менен чектелсе болмок деген көз карашын айтты. Бирок адам өлүмү жана көп сандагы жабырлануучулар бар экенин эске салды.

“Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм.
Бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм. Бирок бир чети ал окуяда адам өлдү, жүзгө жакын киши жаракат алды. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу — мыйзам чегинде кабыл алынды”, — деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров мурдагы президенттерди Дубайда чогултканын эске салып, ынтымакты сактоо максатын көздөгөнүн билдирди.

“Мен үч жыл мурда экстердин баарын чогулткам. ‘Ынтымакташалы, бири-бириңерди жамандабагыла’ дегем. Учурда стабилдүүлүк орноп, инвесторлор келе баштады”, — деди ал.

Алмазбек Атамбаевге карата мунапыс маселеси боюнча да Садыр Жапаров өз оюн билдирди.

“Менин бул ишке кийлигишүүгө укугум жок. Бирок эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берүү укугум бар”, — деп билдирди президент.

Ошондой эле ал Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин “Бул чечим Бакиевди алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланылат” деген сөзүн четке какты.

“Бакиевди алып келүүгө мен кызыкдар эмесмин. Мага эң негизгиси — өлкөбүздө стабилдүүлүктүн болушу”, — деди Жапаров.

Маек “Кабар” агенттигине 3-июнда жарыяланды жана аны толугу менен kabar.kg сайтынан окуй аласыздар.