"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаров ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды

Жолугушууда түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланышты тереңдетүү жаатында Кыргызстан менен ТҮРКСОЙдун кызматташуусу тууралуу маселелер талкууланды. Мамлекет башчысы Султан Раевди “ТҮРКСОЙ” Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун Башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ортосундагы достук жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө, чыңдоого чоң салым кошооруна ишеним артты. Ал эми Султан Раев аны мындай жогорку кызматка дайындоо учурундагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Түркиянын Бурса шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусуна даярдык көрүү, анын ичинде кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын жайылтуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстан кезектеги V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

№40-41 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 29-апрели

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!