"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү.

Кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин комплекстүү маселелери талкууланып, ошондой эле регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери Борбордук Азия мамлекеттердин башчыларынын алдыдагы консультативтик жолугушуусу темасына да токтолушту.

Мамлекет башчылары эки мамлекет жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштык менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!