"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент Садыр Жапаров Тяньцзинде ШКУ саммитине катышууда

Бүгүн, 1-сентябрда, Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Саммит Тяньцзинь шаарындагы “Мэйцзянь” көргөзмө жана конференция борборунда өтүп жатат.

Мамлекет башчысын расмий түрдө Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү иш-чарасынан кийин делегация башчылары жыйындын негизги бөлүгүнө өтүштү.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүшү күтүлүүдө.