"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент Садыр Жапаров Вьетнамдын Премьер-министри менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрда Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле ар кандай тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана өз ара сапарларды ишке ашыруу боюнча макулдашышты.