"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Вячеслав Володин менен жолугушту

Бүгүн, 19-майда, Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, парламенттер аралык байланыштарды, ошондой эле соода-экономикалык жана гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Россия менен болгон мамилеге жогору баа берерин белгилеп, бул кызматташтык достук, союздаштык жана өз ара сый-урмат принциптерине негизделгенин айтты. Ошондой эле ал быйыл Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Түбөлүк достук декларациясына 25 жыл толуп жатканын эске салды.

Вячеслав Володин Президент Владимир Путиндин саламын жолдоп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий диалог жогорку деңгээлде жүрүп жатканын белгиледи. Ал парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.