"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаров жарандык авиациянын кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 7-октябрда, өлкөнүн жарандык авиациясынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Урматтуу жарандык авиациянын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.

Кыргызстандын авиация транспорту айыл чарбасынын муктаждыктары үчүн алгачкы У–2 учагынан заманбап аба кемелерине чейинки, айдың талаадагы аэродромдон Борбор Азиядагы эң ири жана заманбап аэропорттордун бирине чейинки байсалдуу жолду басып өттү.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн жарандык авиациясы заманбап чакырыктарга жана талаптарга ылайык жигердүү өнүгүүдө. Жыл сайын жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты өсүп, жаңы технологиялар, жаңы маркетингдик усулдар, менеджменттик башкаруу ыкмалары киргизилүүдө. Аба кемелеринин паркы жаңыланып, учуу каттамдары кеңейүүдө. Ошентип, аэробекеттердин инфратүзүмү ыкчам өнүгүүдө.

Учурда аба жолдору менен элибизди, жүктөрдү ташуудагы эң негизги максат үзгүлтүксүз учууларды, алардын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана тейлөөнүн жогорку маданиятын камсыз кылуу болуп саналат.

Албетте, мунун баары өз ишинин чыныгы адистеринин аркасында ишке ашууда. Өз кесибине жоопкерчиликтүү мамиле жасаган, компетенттүү жана өз ишине берилген жарандык авиация кызматкерлерибиз алдыларына коюлган милдеттерди так аткарып, авиаторлордун даңктуу салтын татыктуу улайт деп бекем ишенем.

Үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунун чек арасына жакын аймактарда болуп өткөн окуяларда биздин авиакомпаниялардын жана аэропорт кызматкерлеринин жапа чеккен жергиликтүү тургундарды – аялдарды, балдарды, жарадар болгон жоокерлерди жана гуманитардык жүктөрдү ташуу, уюштуруу иштерине жигердүү катышкандыгын белгилеп кетейин.

Бул майрам күнү Кыргызстандын жарандык авиация ишканаларынын ар бир кызматкерине жана ардагерлерине аба транспортунун коопсуздугун, учуулардын үзгүлтүксүздүгүн, авиаташуулар сервисинин жогорку деңгээлин камсыз кылууга кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирем!

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш жана албан-албан жетишкендиктерди каалайм.

Асманыбыз ар дайым ачык болсун!”.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!