"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаровду Путраджаяда тосуп алышты

Бүгүн, 25-июнда, Малайзиянын административдик борбору болгон Путраджая шаарында Президент Садыр Жапаровду расмий тосуп алуу аземи өттү.

Азем Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимдин «Пердана Путра» кеңсесинде уюштурулду. Өлкө лидерлери саламдашып, эки мамлекеттин мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң Президент Садыр Жапаров Ардак кароол ротасын кыдырып чыкты.

Аземдин жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүн расмий тааныштыруу болду. Андан кийин Президент Садыр Жапаров Малайзиянын Премьер-министринин кеңсесиндеги Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырып, Өкмөт башчынын жеке бөлмөсү менен таанышты.

Аземден кийин тараптар сүйлөшүү залына бет алышты.

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду