Президент Садыр Жапаров Казакстандын Астана шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитине катышып, кечээ, 17-июнда Бишкекке кайтып келди.
Иш сапардын алкагында ал Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда кыргыз-кытай мамилелерин тереңдетүү, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо маселелери талкууланып, бир катар документтерге кол коюлду.
Андан соң мамлекет башчысы Эгемендүүлүк Сарайында өткөн Саммитке катышты. Садыр Жапаров өз сөзүндө Кытай менен кызматташууну өнүктүрүүнүн алты негизги багытын атады. Алар: транспорт жана транзит, энергетика, каржы жана электрондук коммерция, билим берүү жана илим, туризм, ошондой эле коопсуздук маселелери.
Саммиттин жыйынтыгында өлкө башчылары биргелешкен документтерге, анын ичинде “Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге” жана Астана декларациясына кол коюшту.
Ошондой эле алты өлкөнүн башчылары видеоконференция аркылуу жаңы кызматташтык борборлорунун ачылышына катышты.
Президент Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту. Кайсы документтерге кол коюлду?