Президент Садыр Жапаровдун 28-29-сентябрда Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына (Германия) болгон иш сапары аяктады.
Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын Германиядагы элчилигине барып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында орнотулган «Жаш Манасчы» жаңы айкелин көрүп чыкты жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Андан соң Президент Кыргызстанда гипсти кайра иштетүүчү завод курууга, ошондой эле компаниянын өндүрүшүн өлкө аймагында локалдаштырууга кызыкдар болгон — «Knauf» ири өндүрүштүк компаниянын жетекчилиги менен жолугушту.
29-сентябрда, Садыр Жапаров Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка лидерлери менен биргеликте жолугушту.
Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин мүчөлөрү жана алдыңкы германиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Ушул эле күнү мамлекет башчысы «Борбор Азия – Германия» биринчи саммитинин ишине катышты.
Президент Германиянын Федералдык вице-канцлери, экономика жана климатты коргоо министри Роберт Хабек жана Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Мындан тышкары, мамлекет башчысынын Берлинге болгон иш сапарынын алкагында КР Министрлер Кабинети менен Германия Федеративдүү Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда миграция жана мобилдүүлүк маселелери боюнча ниеттер жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюу аземи болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 30-сентябрда эртең менен Бишкекке кайтып келди.