Президент Садыр Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)» аталыштагы китеби жарык көрдү.
«Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» китебинде бүгүнкү Кыргызстандын тарыхы, учурдагы окуялар жана келечеги тууралуу баяндалат.
Китеп 134 беттен жана төрт бөлүмдөн турат:
Жаңы Кыргызстанды курууга багыт алуу идеясынын жаралышы;
Мамлекеттин өзөк-идемологиялык негизги иш багыттары;
Улуттук өзөк-идеологиянын негизги багыттары;
Жыйынтыктоочу сөз.
Редактору Ж. Кадыров, корректору С. Кыдырмаев, калыпка салган М. Шырдаков. Китеп жалпы 41 миң даана нуска менен басылып чыккан.