"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаровдун Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн куткаруучуларын кесиптик майрамы — Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен  куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу: 

“Урматтуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери!

Кымбаттуу куткаруучулар!

Бул тармактын кадырлуу ардагерлери!

 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүгүнкү күндүн негизги чакырыктарынын бири болгон климаттын өзгөрүшү, аны менен коштолгон табияттын кооптуу кубулуштары, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жана анын кесепеттери глобалдык мүнөзгө ээ болууда. Ошону менен бирге, күнүмдүк турмушубузда айттырбай келген ар кандай кырсыктар дагы жашоо-турмушубузга түздөн-түз таасир этип жатканына күбө болуп жатабыз.

Эгемендигибиздин соңку жылдарында эле көптөгөн күтүүсүз окуялар – жер көчүп, таш кулаган, сел жүрүп, суу каптаган, кургакчылык болуп, өрт чалган табият кырсыктары, андан кийинки дүйнө жүзүн бушайманга салган коронавирус илдети сиздердин эркиңиздерди сынады, ошол эле учурда чыңады деп айтсам жаңылышпайм.

Урматтуу куткаруучулар, сиздердин кесибиңиздер дүйнөнүн кайсы гана булуң-бурчунда болбосун, жогорку суроо-талаптагы иш, ошону менен бирге кооптуу кесип. Табият кубулуштарынын кесепеттери айттырбай келгенде же жеке адам кандайдыр бир кыйын кырдаалга туш болуп, алдастап айла таппай калганда куткаруучулардын караанына зар болобуз. Кандай гана кооптуу жагдай болбосун, өз өмүрүн тобокелге салып, бирөөнүн өмүрүн сактап калууга же эл-жерге келген кырсыктын чыгымын азайтууга буйдалбастан, баш-оту менен кирип кеткен мүнөз ар кимдин эле табиятында боло бербейт.

Куткаруучулук көп тармактуу кесипкөй адистерди талап кылган кесип. Дээринде бар, кесибин аркалаганда анын өтөөсүнө чыга билген, отуна күйүп, суугуна тоңууга даяр болгон темирдей бекем эркти, психологиялык жогорку даярдыкты талап кылат. Бул ишке бардык эр-азаматтар эле иштеп кете албайт.

Мына ушундай жоопкерчиликтүү озуйпаны, оор жүктү аркалап келе жаткан куткаруу кызматында эмгектенгендердин баарына ыраазычылык билдирем. Куткаруу милдетин аткарып жатып каза болгон эр-азаматтарга таазим кылам.

Сиздердин кызматыңыздардын татаалдыгы эске алынып, социалдык-тиричилик көйгөйлөрүңөрдү чечүү багытында иштер дагы да улантылат. Ишиңиздердин натыйжасын жогорулатуу максатында, заманбап техникалар жана шаймандар менен камсыздайбыз.

Буюрса, куткаруу кызматында кызмат өтөөнү өзгөчө сыймык алып келгидей кесипке айландырабыз. Себеби, заман талабына жараша куткаруу кызматынын ролу, мааниси күндөн күнгө артып барат.

Ата Мекенге, мамлекетке кылган ак кызматыңыздар үчүн элдин чын жүрөгүнөн чыккан ыраазычылыгын алып, урмат-сыйына бөлөнүп жүрө бериңиздер. Элдин ыраазычылыгы – эң башкы сыйлык. Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалайм, бар болуңуздар!

Жараткан Кыргызстаныбызды күтүүсүз кырсыктардан сактасын!”.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!