"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Орусия Федерациясы) болгон иш сапары аяктады.

Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Орусия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

Бейформал жолугушуунун алкагында президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери «Павловск» коругуна, «Царское Село» жана Петергофко экскурсия менен барып, бейформал сый тамакка катышты.

Иш сапарын аяктап, мамлекет башчысы 27-декабрда эртең менен Бишкек шаарына кайтып келди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!