"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 24-25-май күндөрү Орусияга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин сайты жарыялады.

Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында өткөн «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» II Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары жана делегациялары интеграциялык процесстер, санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес-демилгелерди колдоо боюнча кошумча чараларды талкуулашты.

25-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЭК) тар жана кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйыны өттү.

Биримдиктин алкагында соода-экономикалык кызматташуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташтык жана Евразия мейкиндигинде мындан аркы интеграция маселелери сүйлөшүлдү.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер жана документтер кабыл алынды жана кол коюлду.

26-майга караган түнү иш сапарын аяктаган президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!