Президент Садыр Жапаровдун 14-сентябрда, Душанбеге болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анда тараптар кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.
Андан соң мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышты жана жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
— Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын ортосундагы жаштар саясатынын жалпы багыттары жөнүндө макулдашуу;
— Борбор Азияда жер үстүндөгү транспорттун өз ара байланышын чыңдоо жөнүндө макулдашууларга кол коюшту.