"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапарын аяктап, 21-августта Бишкек шаарына кайтып келди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнү талкуулады.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Венгриянын Улуттук башкы майрамын белгилөө иш-чараларына жана Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына катышты.