"Эркин-Тоо"

Президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрда Японияга болгон расмий сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө Император сарайында Мамлекет башчысы жана анын жубайы Айгүл Жапарованын Император Нарухито жана Императрица Масако менен жолугушуусу, ошондой эле Императордук үй-бүлө мүчөлөрү жана Кыргызстандын расмий делегация мүчөлөрү менен таанышуусу болду.

Андан соң Япония парламентинин спикери Фукусиро Нукага жана Япониянын Эл аралык кызматташтык банкынын (JBIC) башкаруучусу Нобумицу Хаяси менен жолугушуулары болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле Япония менен өнөктөштүктү бекемдөө, финансылык институттарды тартуу маселелери талкууланды.

18-ноябрда, Президент Садыр Жапаров жана  Айгүл Жапарова Киото шаарына барышты. Мамлекет башчысы Киото префектурасынын губернатору Такатоши Нишиваки менен жолугуп, Садыр Жапаровдун Японияга сапары мамлекеттердин эки тараптуу мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарарына ишенимин билдирди.

19-ноябрда Садыр Жапаров ардактуу коноктордун китебине жазуу калтырды.

Садыр Жапаров Токио шаарына кайтып келгенинде, 20-ноябрда, бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, алардын арасында: Япониянын «РОТОБО» бизнес-ассоциациясынын, JETRO — Япониянын тышкы соода уюмунун жетекчилиги, «Metarise Japan» компаниясынын өкүлдөрү, JICAнын жетекчилиги, ошондой эле JATA — Япониянын туристтик операторлор ассоциациясынын башчысы менен жолугушуулары болду.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Япониянын жалпы улуттук NHK каналына интервью берип, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү тууралуу кеңири токтолду.

Күндүн экинчи жарымында Премьер-министрдин резиденциясында Кыргызстандын Президенти өлкөнүн Өкмөт Башчысы Фумио Кисида менен расмий жолугушуу аземи болду. Андан соң лидерлер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Ошол эле учурда Премьер-министрдин резиденциясында Биринчи айым Айгүл Жапарова Япониянын Премьер-министринин жубайы Юко Кисида менен жолугушту.

Андан кийин эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи, ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн лидерлердин биргелешкен билдирүүсү болуп өттү.

Андан соң Мамлекет башчысы жубайы менен Япониянын Премьер-министри Фумио Кисиданын атынан расмий кабыл алууга катышты.

21-ноябрда эртең менен Президент Садыр Жапаров расмий сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!