"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Ысык-Көлдөгү ири курулуш жана экологиялык долбоорлор менен таанышты

2025-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар ири өндүрүштүк жана инфраструктуралык объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын алгачкы бөлүгүндө Мамлекет башчысы Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан «Түндүк Бетон» жоопкерчилиги чектелген коомуна барды. Ишкананын негизги багыты — инерттүү материалдарды, бетон аралашмаларын жана темир-бетон блокторун өндүрүү.

Президентке маалымдалгандай, завод заманбап жабдуулар жана автоматташтырылган башкаруу тутуму менен жабдылган. Өндүрүштүк цикл үч багытты камтыйт: таш майдалоочу жабдуулар (бир сменада 1000 тонна кубаттуулукта, эки фракция менен), саатына 120 куб бетон өндүрө турган бетон аралаштыргыч заводу жана модулдук курулуш участогу.

Завод толук кубаттуулукта иштей баштаганда 150 жумуш орду түзүлөрү пландалууда. Учурда 60 кызматкер эмгектенүүдө. Жалпы инвестициянын көлөмү 4,5 миллион АКШ долларын түзөт.

Ишкананын негиздөөчүсү Бакыт Айдаров Президентке «Түндүк Бетон» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү жана келечектеги долбоорлору тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманканаларды куруу боюнча долбоорлор иштелип чыгууда.

Модулдук темир-бетон конструкцияларын колдонуу курулуш мөөнөтүн кыйла кыскартарын белгилеген ишкер, мисал катары Чолпон-Ата шаарындагы шаар куруу жана архитектура боюнча райондук башкармалыктын имараты тууралуу маалымдады. Анын айтуусунда, аянты 400 чарчы метр болгон бул имарат болгону 10 күндүн ичинде курулмакчы.

Мамлекет башчысы заводдун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн турак жай долбоорлорун ишке ашырууда кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, бул курулуш иштеринин мөөнөтүн кыскартып, жаңы үйлөрдү өз убагында пайдаланууга берүүгө өбөлгө түзөт.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында ишке ашырылып жаткан «Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун жүрүшү менен дагы таанышты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев маалымдагандай, долбоордун алкагында Бостери, Бактуу-Долоноту, Чолпон-Ата жана Кара-Ой конуштарын камтыган жаңы канализациялык тармактар курулат. Ошондой эле, суткасына 14,2 миң куб метр саркынды сууну тазалоочу станция, 12 насостук станция курулат. Учурда эки ири насостук станциянын курулушу башталган.

Туристтик инфраструктураны жакшыртуу максатында долбоор А. Осмонов атындагы паркты көрктөндүрүүнү, «Саймалуу Таш» музей комплексин жана Чолпон-Ата шаардык музейин реконструкциялоону, ошондой эле жээк тилкеси боюнча эки променад (веложол жана чуркоочу жол) курууну камтыйт.

Долбоордун жалпы наркы 64,9 миллион АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 31 миллион доллары — Азия өнүктүрүү банкынын гранты, 25 миллиону — насыялык каражат, ал эми 8,9 миллиону — Кыргыз Республикасынын бюджетинен бөлүнгөн тең каржылоо.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында бул долбоорду ишке ашыруу үчүн China Road компаниясы жана Alkatash компаниясы менен тиешелүү келишимдерге кол коюлган. Долбоорду 2027-жылдын аягына чейин жыйынтыктоо мерчемделген.

Президент Садыр Жапаров долбоор экологиялык туруктуулукту сактоого, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана Ысык-Көлдө туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи. Ал ошондой эле курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилеп, бардык тараптардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо зарылдыгын тапшырды.