"Эркин-Тоо"

Президент «Ысык-Көл» жана «Каракол» аэропортторун модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-январда Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторун модернизациялоо долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, мамлекет башчыга «Манас» эл аралык аэропорту, президенттин иш башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Алсак, «Ысык-Көл» аэропортунда саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин жаңы имаратын куруу пландалууда. Учурдагы комплекс 2003-жылы курулган жана азыр жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө туруштук бере албайт. Азыр жаңы комплекстин долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин курулуш-монтаждоо иштери башталат.

Ошондой эле аэропорттун аймагын кеңейтүү, кошумча тосмо орнотуу, селден коргоо үчүн жаңы курулмаларды куруу долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Келечекте бул аймакта чет элдик коноктордун көп агымын кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү жаңы инфраструктуралык туристтик объектилерди куруу пландаштырылууда.

Мындан башка, Каракол шаарында «Каракол» эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин жаңы имаратынын курулушу жүрүп, жасалма учуу тилкеси узартылып жатат.

Келечекте аэропорт Embraer жана анын аналогдору сыяктуу жаңы муундагы авиалайнерлерди кабыл ала алат, бул дагы чет өлкөлөрдөн туристтердин агымын тартып, көбөйтөт.

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл» жана «Каракол» аэропортторун модернизациялоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды, алар бардык эл аралык жарандык авиация талаптарына жооп бериши керек.

Белгилей кетсек, мамлекет башчынын демилгеси менен Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу жана ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар белгиленген.

«Ысык-Көл», «Каракол», «Нарын», «Ош», «Жалал-Абад» аэропортторун реконструкциялоо пландалууда, Талас облусунда аэропорт ишке киргизилет, ал эми учурда «Баткен» жана «Казарман» аэропортторунун аэродромдорунун элементтерин оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!