"Эркин-Тоо"

Президент «Жаңы кадам» жалпы республикалык кеңешмесине катышат

Президент Садыр Жапаров 22-майда «Жаңы кадам» социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага «Социалдык контракт» программасынын мыкты катышуучулары, ошондой эле өз демилгеси менен өз жамааттарын өнүктүрүүгө инвестиция салган жарандар чогулат.

«Социалдык контракт» программасы муктаж үй-бүлөлөргө колдоо механизми катары президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ашырылууда.

Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!