Президент Садыр Жапаров Вашингтондо өтө турган “АКШ – Борбор Азия” (С5+1) саммитине барат. Мамлекет Башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Президенттин Администрациясы Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш сапарына даярдык көрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирди. С5+1 форматындагы саммитке Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары чакырылган. 2023-жылы Нью-Йоркто АКШнын ошол кездеги Президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин биринчи саммити өткөн.
 
		 
		 
		


