"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент жаштарды шайлоого активдүү катышууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн «Кыялымдагы Кыргызстан» улуттук жаштар форумунда жаштарды өлкөнүн келечеги үчүн туура тандоо жасап, шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Мамлекет башчысы шайлоо тилкелери электрондук эсептөөчү аппараттар менен толук камсыздалганын, добуш берүү процесси ачык-айкын жүргүзүлөрүн жана бир адам бир гана жолу добуш бере аларын белгиледи.

Президент жаштарды добушун сатпоого, жарандык милдетин так аткарууга жана өлкөнүн тагдырына кайдыгер болбоого чакырды.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 30-ноябрдагы парламенттик шайлоодо жаштар туура тандоо жасап, өлкөнүн беш жылдык келечегин аныктаган муун катары тарыхта калат.