"Эркин-Тоо"

Президент жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады (тизме)

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга Президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, КРнын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Президент Садыр Жапаровдун дарегине КРнын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык өз кызмат орундарына 14 талапкер, ошондой эле бош судьялык кызмат орунга 1 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Мамлекет башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 15 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын аталган 15 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

Жалал-Абад облусу:

— Ноокен райондук сотуна:

Осмонов Тарасбек Сапарбекович;

— Базар-Коргон райондук сотуна:

Каримова Жыпар Кудайбердиевна;

— Ала-Бука райондук сотуна:

Бейшеев Камбарбек Арзыбаевич;

— Токтогул райондук сотуна:

Бегимбаева Аида Алыбековна;

Солпуева Назира Мукамендиевна;

— Майлуу-Суу шаардык сотуна:

Турмаматов Муратали Курсаналиевич;

— Таш-Көмүр шаардык сотуна:

Бектемиров Куралбек Абдималикович;

Ош облусу:

— Ош облустук сотуна:

Исажанов Келдибек Сайдахматович;

— Ош облусунун Административдик сотуна:

Жаныбекова Жаныл Жаныбековна;

— Чон-Алай райондук сотуна:

Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич;

Нарын облусу:

— Нарын облустук сотуна:

Койломбаев Азамат Ишимбекович;

— Жумгал райондук сотуна:

Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич;

Ысык-Көл облусу:

— Ак-Суу райондук сотуна:

Бекбулатов Айбек Бектурсунович;

Бишкек шаары:

— Биринчи май райондук сотуна:

Акылбекова Джамиля Дилдебековна;

Медеров Азирет Баратович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!