"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерин кабыл алды

Бүгүн, 30-июнда, Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары: Максим Рыженков (Беларусь Республикасы), Мурат Нуртлеу (Казакстан Республикасы), Жээнбек Кулубаев (Кыргыз Республикасы), Сергей Лавров (Россия Федерациясы), Мухриддин Сироджиддин (Тажикстан Республикасы) жана ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты.

Жолугушууда уюмдун ичиндеги кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эл аралык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу маселелеринде эл аралык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашылды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ЖККУдагы төрагалыкты чоң жоопкерчилик жана аймактагы кызматташтыкты, коопсуздукту мындан ары чыңдоого салым кошуу мүмкүнчүлүгү катары кабыл аларын айтты. Ал эл аралык терроризм, трансулуттук кылмыштуулук, экстремисттик идеологиянын жайылышы, кибер коркунучтар жана эгемен мамлекеттердин ички иштерине тышкы кийлигишүү маселелери барган сайын актуалдуу болуп бара жатканын белгиледи. Буга байланыштуу ал мындай абал баарына олуттуу коркунуч туудурарын, бирдиктүү жана координацияланган мамилени талап кыларын ырастады.

Өз кезегинде тышкы иштер министрлери Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы жана жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын алкагындагы демилгелерин колдошту.