30-майда Президент Садыр Жапаров өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатканын айтып, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.
Ал жумуш издеп жүргөндөрдү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылууну сунуштады. Эмгек акылардын көлөмү 20-30 миң сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот) болорун айтты.
Акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компаниялары, ж.б. токтой баштады. Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда. Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүргөн болсо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар. Алар сиздерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акылардын көлөмү 20 000-30 000 сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот)» , — деди Президент.