"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент: «Үйү снос болгон, жашоого мүмкүнчүлүгү жок жарандарга МИКтен үй берилет»

Президент Садыр Жапаров үйү «снос» болуп жаткан жарандар боюнча “Кабар” агенттигине комментарий берип жатып, муктаждарга Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу жардам берилерин билдирди.

Анын айтымында, эгер жарандардын башка жашоого мүмкүнчүлүгү жок экени аныкталса, аларга МИКтен кезексиз үй берүү тапшырмасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө берилген.

“Мен дайыма мэрлерге айтып жатам — үйү снос болуп жаткан жарандарыбызды талаага калтырбагыла. Эгер чындап эле башка жашоого мүмкүнчүлүгү жок болсо, МИКтен үй бергиле”, — деди Жапаров.

Муну менен катар мамлекет башчысы айрым адамдар жерди мыйзамсыз ээлөө үчүн атайын аракеттерге барса тиешелүү чаралар көрүүлөрүн айтты.

“Эгер эптеп эле жерге ээ болуп калайын дегендер болсо, алар деле тез эле аныкталып калат. Алардын бетин ачабыз. Өлкөбүздө тартип болуш керек. Тартип болбогон өлкө өнүкпөйт, андай өлкөдө башаламандык боло берет”, — деп кошумчалады президент.

Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар тууралуу сөз кылып жатып, ал суу каналынын үстүнө үй салынып калган учурларды мисал келтирди.

“Ошто суу каналынын үстүнө үй салып алышыптыр. Суунун шлюзун көтөрүп-түшүрүш үчүн кимдир бирөөнүн үйүнө кирип, үйүнүн ичинен иштешиң керек экен. Бул эмне деген акмакчылык? Мындай көрүнүш бир дагы башка өлкөдө болбосо керек”, — деди Садыр Жапаров.