Бүгүн, 30-ноябрда, өлкө башчысы Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкек шаарындагы №1046 шайлоо тилкесине барып добуш берди.
Добуш берүү процедурасы аяктагандан кийин өлкө башчысы ЖМК үчүн билдирүү жасап, анда шайлоодогу добуш берүү процесси толугу менен автоматташтырылганын баса белгиледи. Башкача айтканда, мурдагыдай болуп, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого алып келиши мүмкүн болгон адам факторунун кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

