Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 2025-жылдын январь айында өлкөдө 1613 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы, ал эми февраль айында 3174 факты катталганын билдирип, коңгуроо каккан.
Арадан көп өтпөй коомчулуктун үрөйүн учурган 20 жылдыкка барып, андан кийин мыкаачылык менен атып өлтүрүлгөн Айзиректин окуясы жүз берип отурат.
Мындан улам, өлкөдөгү “Аялдар Кеңеши” коомдук бирикмеси Президентке кайрылуу жолдоо үчүн 2-май күнү борбор шаарыбыздагы Курманжан Датка энебиздин эстелигинин жанына бирикменин облустардагы төрайымдарын чогултту. Алар зомбулукту токтотуу боюнча бир топ сунуштарын беришип, кайрылуу жасашты.
Жыйындын соңунда жакында каза болгон Айзиректин арбагына багышталып куран окулду.

