"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президенттик Администрациянын кызматкери 36 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Канцеляриясынын регламент жана жыйындарды уюштуруу секторунун башчысы Бактияр Сокинов 36 жашында мезгилсиз көз жумду. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Бактияр Муктарович Сокинов 1989-жылдын 5-июлунда Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде бажы иштери жана бухгалтердик эсеп адистиги боюнча эки жогорку билимге ээ болгон.

Бактияр Сокинов Президенттик Администрацияда алты жыл иштеп, референт, эксперт жана быйыл март айынан тартып сектор башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле, буга чейин Өкмөт Аппаратынын жетекчисинин жардамчысы кызматын аркалаган.

Анын мамлекеттик кызматтагы эмгеги жогору бааланып, жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси чени ыйгарылган. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш жана бир катар мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун сыйлыктары берилген.