Президент Садыр Жапаров жаңы курулуп жаткан президенттик администрацияга “Ынтымак-Манас Ордосу” деген аталыш берилерин 18-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал буга чейин жаңы имаратка аталыш тандоо үчүн коомчулуктан сунуштар кабыл алына турганын жарыялаган. Анын жыйынтыгында келген сунуштар 108ге жеткенин, алардын арасынан “Ынтымак-Манас Ордосу” тандалып алынганын билдирди.
Президент тандалып алынган аталышка түшүндүрмө берип, өнүгүү үчүн ынтымактын маанилүүлүгүнө токтолгон.

