"Эркин-Тоо"

Президенттин Аксы окуяларын эскерүү күнүнө карата кайрылуусу

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Аксы окуяларын эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда Аксы окуясы дагы Кыргызстандын соңку тарыхында мамлекеттин келечегине таасирин тийгизген алгачкы саясий окуялардан экендигин белгилеген.

«Аксы окуясы экономикада, саясатта, идеологияда жалпы элдин көз карашын өзгөрттү. “Элдин күчү – сел” дегени чын белем, мамлекет үчүн кайдыгер карабаган, тайманбас жүрөктөрдү ойготту. Ошентип, тарыхтын жүрүшүн өзгөртүп, өзгөчө окуя катары элдин эсинде калды. Аксы окуясы менен Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы өзүнүн жаңы барагын ачты. Бул күн миң жылдап убакыт өтсө да эскерилип турат.

Аксы окуясы ошол учурдагы эки тараптын жүзүн ачкан: бийликтегилер өлкөнү башкаруудагы манипуляциялык иш-аракеттерди жасаса, оппозиция элдин, коомчулуктун күчүн өз кызыкчылыгына колдонуу тактикасына өткөн. Ошентип Аксы окуясынан кийинки Кыргызстандын 20 жылы саясий окуяларга бай болуп, элди, саясий элитаны бышырды. Баарыбыз тарыхтан сабак алдык», — деп айтылат кайрылуусунда.

Президент мындан ары Кыргызстан дүйнө жүзүнө жакшы жактары менен гана тааныла тургандыгын айткан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!