Бүгүн, 24-ноябрь күнү, Ош шаарынын №41 Абдуллаев жана №1 Федченко атындагы мектептерине Президент Садыр Жапаровдун атынан 62 даана интерактивдүү панель тапшырылды.
Жабдууларды Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, бүгүнкү күндө мугалимдин ишин жеңилдеткен жана окуучунун кызыгуусун арттырган шарттарды түзүү маанилүү экенин айтты.
Мунун алдында шаардагы 8 билим берүү мекемесине дагы 14 интерактивдүү панель берилген. Өлкө башчынын атынан заманбап жабдык менен камсыздоо иштери мындан ары да улантылары кабарланды.
Белгилей кетсек, 62 даана интерактивдүү панелдин жалпы баасы 12 миллион 400 миң сомду түздү.


