"Эркин-Тоо"
Кылмыш

Президенттин бир тууганынын атынан 1 250 000 доллар акча алып жаткандар кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдары менен байланышы жана жеке тааныштыгы бар делген фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Такталгандай, «А.М.Б.» жана «Б.У.М.», Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров С.Н. агасы Сабыр Жапаровдун атын жамынып алып, алдамчылык жол менен жана адамдардын ишенимине кирип  алып, калктын керектөөчү товарлары бар контейнерлерди экспорттоо маселесин чечүү үчүн, өзгөчө ири суммадагы 1 250 000 АКШ доллар өлчөмүндөгү Казакстан Республикасынын аймагында жайгашкан «M.T.A.» аттуу жарандын каражатын ээлеп алууга аракет кылганы аныкталды. Аталган факт боюнча КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) фактысы боюнча кылмыш иши козголду

2021-жылдын 3-июнунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, талап кылынган суммадан каражаттын бир бөлүгүн алгандан кийин, «А.М.Б.» жана «Б.У.М.».кармалды. Кармалган «А.М.Б.» КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат.