"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева: “Мамлекеттик тилге болгон сый-урмат үй-бүлөдөн башталат”

Быйылкы жылдын жыйынтыкталарына аз калды. Мындан улам Чүй облусунун социалдык жагдайын билүү үчүн Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаеваны сөзгө тарттык.

— Гүлмира Алимбековна, Министрлер Кабинети быйылкы жылы республикалык бюджеттен өлкө аймагында бир топ социялдык объектилер – мектептер, бала бакчалар, медициналык имараттар, маданият үйлөрү курулганын айткан. Чүй облусу боюнча айта кетсеңиз, абал кандай болду?

— Социалдык курулуштар кызуу жүрдү. Билим берүү мекемелери боюнча айтсам, быйыл 1-сентябрда 2120 орундуу 7 мектеп ачтык. Анын үчөөсү демөөрчүлөр тарабынан, ал эми төртөөсү республикалык бюджеттин эсебинен салынды. Жылдын аягына чейин 15 мектепти курууну максат кылганбыз, анын 12си толук бүтөт. Ошого катар, быйыл облус боюнча 630 орундуу 5 бала бакча ишке берилди. Андан тышкары, 4 бала бакча капиталдык жактан оңдолду, жылдын аягына чейин дагы 2 бала бакчаны ишке беребиз. Ушул жерден айта кетейин, Министрлер Кабинетинин 279-токтомунун негизинде жер-жерлерде жеке ишкерлерге жардам көрсөтүп жатабыз, анын алкагында азыр 9 жеке ишкер бала бакча ачты. ФАПтар боюнча айтсам, быйыл облус боюнча 8 саламаттыкты сактоо мекемеси ишке берилди. Алар жергиликтүү бюджеттин эсебинен, кайрымдуу фонддор тарабынан жана ашар жолу менен салынды. Жылдын аягына чейин дагы 9 социалдык объектти ишке берүү пландаштырылууда. Негизи, жалпы Чүй облусу боюнча 294 социалдык объект курулушу керек. Бүгүн ар бир объектин курулуучу жерлери мыйзам чегинде даяр, ал эми долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча иштер айыл өкмөт, райондук администрация, мэрия тарабынан жүргүзүлүп жатат. Алардын курулушуна демөөрчүлөрдү тартуу аракеттери да башталды. Белгилеп кетерим, Президентибиз Садыр Нургожоевич койгон милдеттер реалдуу ишке ашып жатат. Мамлекеттик кызматта бир топ жылдан бери иштеп келе жаткандыктан, так байкалууда. Маселен, 7 мектептин бир күндө ачылышын көргөн эмесмин, бул абдан чоң жаңылык болду. Ошондой эле, медицина тармагына да өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы жабдыктардын келгени мамлекеттик саясаттын туура багытта баратканын тастыктап жатат.

— Чүй облусу “Алтын тамга” алууда республика боюнча 2-орунду ээлеп, 21 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болуптур, бул ийгилик жөн келген эместир?

— Ооба, 2022-2023-окуу жылында Чүй облусунан 21 окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болуп, Сары-Өзөнгө чоң кубаныч туртуулады. 2021-2022-окуу жылында 4 гана окуучу жетишсе, быйыл 21ге чыкты. Албетте, анын артында чоң түйшүк турат. Балдарды даярдоодо мугалимдер, акимдер, алардын орун басарлары менен тыгыз иш алып бардык. Балдарыбызга кандай жардам керек болсо, баарын камсыздаганга аракеттендик. Кошумча курстарга барганга каражат төлөй албай жаткандарга көмөктөшүп, тестке барышын уюштуруп бердик. Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөрдү ата-энелери менен бирге чакырып, окуу жайлар боюнча багыттама өткөрдүк. Аракетибиздин үзүрү кайтып жатат. Быйыл облусубуздан 90го жакын бүтүрүүчү башка өлкөдөгү жогорку окуу жайларга тапшырды. Окууга өткөн ата-энеси жок балдарга демөөрчүлөрдү таап, билеттерин алдыртып бердик. Азыр “Алтын сертификатка” балдарыбызды даярдап жатабыз. Кошумчалай кетерим, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгеси менен ар бир мектепте Манас, Семетей, Сейтек уюмдары түзүлдү. Пилот катары Аламүдүн районун алган элек, Лебединовка айылындагы И.Айдарбеков атындагы №1 гимназия орто мектебинде 145 бала мүчөлүккө өтүп, ант беришти. Эң негизгиси, бул уюмга өткөн балдарыбыз окуучулардын арасында жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнүп, акыл-насааатарын айтып, жаман жолго баскан балдарга жол көрсөтүп, жардамдашышы кажет. Биз да жер-жерлерге барып көөнөргүс каада-салттарыбызды, бай тарыхыбызды айтып, элди ынтымак, биримдикке үндөгөн иш-чараларды өткөзүп жатабыз.

— Президент демилгелеген “Социалдык контракт” долбоору боюнча калктын аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат кайтарымсыз берилген эле. Тагыраагы, быйыл сегиз миңден ашык үй-бүлө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон алган. Мунун жыйынтыгы болуп жатабы?

— Президенттин демилгеси абдан жакшы жыйынтыктарды берип жатат. Чүй облусунун ар бир районунда комиссия түзүлүп, алар дыкаттык менен карап чыкты. Демилгеге катышкан жарандардын ар бири аракет кылып, долбоор жазды. 2022-жылы 400 үй-бүлөгө берилген эле, 2023-жылы 629 үй-бүлөгө берилди. Эң жакшы көрсөткүчтөр тигүүчү цехтерин ачып, иштеткендерде болуп жатат. Кийим тиккендер бир жумага алган буйрутмасы менен 30 миңге чейин пайда табышууда. Андан кийин эле мал чалбарчылыгына алгандар жакшы жыйынтыкка жетишүүдө. Ошондой эле, дыйканчылык кылып, малина, клубника айдагандар ирденип баштады. Жер-жерлерге чыкканда көрүп, күбө болуп жатабыз. “Социалдык контракт” менен иш баштагандар балдарынын жанында болуп, чогуу эмгектенип, таалим-тарбия берүү жагынан өксүшкөн жок. Балдарды эмгекке үйрөтүү жагы да жолго коюлуп, атасы уйга чөп берсе, баласы жардамдашып жүрөт. Мындан тышкары, жыл башынан бери айыл өкмөттөр майыптуулугу бар үй-бүлөлөргө бюджеттин эсебинен 100 миң сомдон акча бөлүп берди. Алар жөлөкпул алуучулардын катарына кирбейт.

— Кыргыз тил маселеси орунчундуу орунда экени маалым. Быйыл июль айында Президент мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга кол койгон, ага ылайык иштер жүрүп жатабы? Дегеним, жыйындар кайсы тилде өтүп, иш кагаздары кайсы тилде жүргүзүлүүдө?

— Ооба, Президентибиз мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинде эркин сүйлөп, жаза билиши керек. Биз бул багытта Мамлекеттик тил комиссиясы жана Кыргыз тест менен биргеликте бир топ иш-чараларды өткөрдүк. Айыл өкмөттөрдө, райондук администрацияларда, Мэрияда мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу иш-чараларын жүргүздүк. Ачыгын айтып коёюн, ал жакта мыктысы да, начары да болду. Чындыгында, орус мектептерди бүткөн мамлекеттик кызматкерлер тилден аксап жатат. Өзүм да мектепти, жогорку окуу жайын орус тилинде бүткөм, бирок кыргыздын кызымын, мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүүмүн. Кызматта гана эмес, үй-бүлөдө дагы ар бирибиз кыргыз тилине көңүл бурушубуз керек. Менин балдарым азыр кыргыз мектепте окуйт. Эне тилине болгон сый-урмат үй-бүлөдөн башталышы шарт. Ал эми облустагы жыйындар жалаң кыргыз тилинде болот. Иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Тапшырмалар мамлекеттик тилде берилет.

Кыргыз тили менен бирге кыргыздын маданиятын, каада-салтын даңазалоо багытында дагы иштер жүрүп жатат. Жакында ар бир райондогу клубдарга барып келдим. Кызматкерлер менен жолугуп, ийиримдер менен тыгыз иш алып барууну сүйлөштүк. Биздин облуста 355 маданият мекемеси иштейт. Анын 155и клуб мекеме, 13 балдар-музыкалык мектеби, 183ү китепкана. Облустагы комуз, бий, хор ж.б.у.с. 293 ийиримге 4111 бала катышат. Кейиштүүсү, биз балдарыбызга көңүл бурбагандыктан, бири биринен билип барышат да, аягына чыкпай калып жатат. Мен ата-энелерине кайрылып, сөзсүз жардам бериңиздер, көңүл буруңуздар деп жатам. Айыл өкмөттөр жакшы жардам берип, комуз, музыкалык инструменттерди алып беришүүдө. Биз балдардын шыгын ойготушубуз керек. “Ыр-кесе”, “Манас таануу”, “Шайыр апаларга” катышкан чыгармачыл топтор бар, облустук, республикалык иш-чараларга таланттуу апаларыбыз, кыздар-балдарыбыз катышып жатышат. Быйыл боз үй жасалгасы, улуттук каада-салт, тамак-аш боюнча Ошто 1-орун, Кара-Колдо 2-орун алдык.

— Акыркы учурда аялдарга жана кыздарга карата жасалган зордук-зомбулук күч ала баштаганы баарыбыздын зээнибизди кейитүүдө. Чүй облусунун Сокулук районунда болгон зомбулукту жалпы коомчулук жектеп турат. Алдын алуу иштери жүрүп жатабы?

— Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы 2030-жылга чейин гендердик теңчилик боюнча №513 токтомун аткаруунун алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча тийиштүү иш-аракеттер көрүлүп жатат. Атай айтсам, Чүй облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 112 үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча комитеттери иштеп жатат. Чүй облусу боюнча Сокулук жана Аламүдүн райондорунда ички миграция көп болгондуктан, мамлекеттик эмес уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып, ушул эки район пилот катары аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту жоюу багытында иш алып барууда. Негизи, зобулук аялдарга жана балдарга гана эмес, эркекке, майып жана улгайган адамдарга карата дагы жасалат. Анын баары менен көрөшүүбүз керек. Жыл сайын аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк эларалык кампаниясы өтөт. Быйыл 25-ноябрдан 10-декбарга чейин “Биригели! Аялдар жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү” деген ураан менен өткөрүлөт. Биз Сокулук районунун Крупская айыл өкмөтүндө “Үй-бүлөнү коргоо, балдарды колдоо” борборун ачканбыз, ал жакта зомбулукка кабылган балдарга, аялдарга жардам көрсөтүлөт. Мен ушул жерде айтарым, ар бир класс жетекчи күн сайын балдардын кабагын, баскан-турганын байкап турса алдын алууга чоң жардам болмок. Андан тышкары, айыл башчылары көңүл буруп жардамдашса, алдын алууга болор эле. Анткени, милиция кызматкерлери факты катталганда гана келет да.

 

 

Зулпукаар САПАНОВ

№95 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 1-декабры